18:56 1 мая 2020

ОшМУда байге фонду 60 миң сомду түзгөн «Аралыктан билим алабыз» видео сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында уюштурулган «Аралыктан билим алабыз» видео сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

2020-жылдын апрель айында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен жарыяланган сынакка жалпысынан 55 видео келип түшкөн. Бул сынакка университеттин бардык факультеттеринин, коллеждеринин студенттери жана тайпалары катышкан. Негизинен келип түшкөн видеолордун мазмунунда ОшМУда аралыктан билим алуу кандайча уюштурулуп жаткандыгы, кандай компьютердик программалар, мобилдик тиркемелер колдонулуп жаткандыгы чагылдырылган, ошондой эле онлайн сабактардын үзүндүлөрү, ата-энелердин бул туурасындагы пикирлери камтылган.

«Эң негизгиси, бул видеороликтер аркылуу студенттер аралыктан билим алууну өз алдынча уюштуруунун жолдорун иштеп чыгышып, бул боюнча сунуштарды жана кеңештерди беришкендигин, жоопкерчиликтүүлүк менен билим алууга бири-бирин үндөгөн чакырыктарын көрүүгө болот. Бул болсо сынагыбыздын негизги максаттарынын бири болчу», - деп белгилейт өз сөзүндө окуу жайдын ректору.

Байге фонду 60 миң сомду түзгөн бул сынактын негизги максаты аралыктан билим алуунун технологияларын студенттерге жайылтуу, студенттерди аралыктан билим алуу менен өз алдынча окууга үндөө, студенттик тайпаларда онлайн жана дистанттык байланышты күчөтүү болуп эсептелинет. Сынактын жыйынтыгын реалдуу балоо үчүн калыстар тобунун курамына областтык жана республикалык массалык маалымат каражаттарынын журналистери тартылды.

Жыйынтыгында I орун үчүн 25 миң сомдук байгени кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Жанибек кызы Мимоза, II орун үчүн 15 миң сом байгени дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин 3-курсунун АРБ-1-17 тайпасынын студенттери, III орун үчүн 10 миң сомдук байгени математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин ИСТ(б)1-18 тайпасынын студенттери, дагы бир III орунду жана ага берилчү 10 миң сомду медицина факультетинин 2-курсунун МПД-1-18 тайпасынын студенти Гулкан Маширапова жеңип алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть