8:54 5 мая 2020

ОшМУда Кыргызстандагы 25 окуу жайдын өкүлдөрүнүн катышуусунда академиялык мобилдүүлүктүн актуалдуу маселелери талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын» алкагында 1-майда ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин демилгеси менен Кыргызстандын 25 жогорку окуу жайынын (ОшМУ, КМУ, ТалМУ, ЫМУ, НМУ, КУУ, ЖаМУ, КӨУ ж.б.) тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда «Өнөктөш ЖОЖдор ортосунда кызматташуунун жаңы горизонттору: ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү» аттуу онлайн видеоконференция болуп өттү.

Жыйында модераторлук кылган Абдыганы Осмонович ОшМУнун мисалында даярдалган «Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүүгө карата сунуштар» аталышындагы баяндамасын презентациялап, мобилдүүлүктүн көйгөйлөрүнө жана аларды чечүүгө карата сунуштарын айтты.

Видеоконференцияда академиялык мобилдүүлүк боюнча ийгиликтер, көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча маселелер талкууланып, тажрыйбалар ортого салынды. Ошондой эле сунуштар айтылып, ички академиялык мобилдүүлүк маселелерин чечүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча жасалган иштер мындан ары дагы улантылмай болду.

Жыйындын толук видеоматериалы төмөнкү шилтемеде: https://youtu.be/de6Ccfb5OzM

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть