9:10 5 мая 2020

ОшТУда кесипке багыттоо иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлдү

2020-жылдын 2-май күнү экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан мектептердин жетекчилери, бүтүрүүчү окуучулары жана ата-энелери менен «Кесипке багыттоо» иш-чарасы онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Бул жолугушууга Кара-Суу районунун орто мектептеринен, тактап айтканда №75 М.Жаманкулов атындагы орто мектеби, №76 «Эркин Кыргызстан» орто мектеби, №12 Отуз-Адыр орто мектеби, №102 Мамат Тешебаев атындагы орто мектеби, №9 Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектептеринин жетекчилери, ата-энелери жана бүтүрүүчү окуучулары катышты.

Иш-чараны экономика жана башкаруу факультетинин деканы физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Азамат Артыков ачып берди. Бул жолугушууда кафедра тарабынан окуу жай тууралуу, андагы адистиктер, контракттык төлөмдөр жана ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берилди. Анын ичинде «Экономика жана финансы» кафедрасынын бүтүрүүчү адистиктери, кафедранын жетишкендиктери тууралуу да айтылып кетти. Окууга тапшырган абитуриенттердин окуу жайда билим алуу үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөндугу тууралуу баса белгиленди.

Бул иш-чарага жалпы 40ка жакын коноктор катышып, өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыгында кызуу талкуу менен иш-чара өз максатына жетти. Ал эми кафедра жамааты мындан ары да мектептер менен үзгүлтүксүз байланышып турарын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть