18:11 7 мая 2020

ОшМУда академиялык чынчылдык боюнча вебинар уюштурулду

ОшМУда «Академиялык чынчылдык: студенттерде бул маданиятты кантип калыптандырууга болот, эл аралык тажрыйбалар» деген темада вебинар уюштурулду.

Вебинарга чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан, тактап айтканда, Россиянын Томск мамлекеттик архитектуралык курулуш университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Томск шаары жана областы боюнча ардактуу консулу Рустам Абдуманапов, аталган университеттин доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Элзарбек Эшаров, Борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырза Каримов, Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» (Search For Common Ground) эл аралык тынчтык куруу уюмунун Борбор Азия боюнча программалар директору Кеңешбек Сайназаров, Чехиянын Прага шаарындагы Метрополь университетинин эл аралык мамилелер жана мамлекет таануу факультетинин магистранты, маалыматтык берилгендерди архивациялоо менен алектенген Бельгиялык Iguana компаниясынын кызматкери Канышай Шералиева конок катары чакырылган.

Катышуучулардын саны 100 болгон бул вебинарга ОшМУнун окутуучулары, студенттеринен сырткары, Ош, Жалал Абад, Баткен шаарларындагы университеттердин, Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү катышты.

Аталган вебинардын жүрүшүндө студенттин академиялык чынчылдыгы деген эмне, эмне үчүн бул түшүнүк менен байланышкан көйгөйлөр бүгүнкү компьютердик-тармактык технологиялардын өнүгүү шартында өтө маанилүү орунга чыкты, бул маданиятты кантип калыптандыруу керек, бул маселенин чечилишинде үй-бүлөнүн, мектептин, жогорку окуу жайынын ролу кандай, академиялык чынчылдыктын нормаларынан четтөөгө эмне үчүн студент мажбур болот, плагиат деген эмне, ага карата кандай мыйзамдар бар, студенттерде академиялык чынчылдык маданиятын калыптандыруу үчүн университет өз ишмердигин, окутуу-тарбиялоо иштерине кандай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүүсү зарыл, сапаттуу билим деген эмне деген сыяктуу суроолорго жооптор берилип, түрдүү ЖОЖдордо иштеген кесиптештер өз пикирлерин, сунуштарын ортого салышты.

Өз сөзүндө окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков: «Билим берүү системасында, айрыкча, бүгүнкү аралыктан билим алуу шартында студенттин академиялык чынчылдыгы анын алып жаткан билиминин сапатын түптөп турган негизги параметр болуп эсептелинет. Ошондуктан университетибизде ар бир студентке бул этикалык нормалар жөнүндө маалымат берип, ал маданияттын калыптанышына шарт түзүүгө багытталган окуу иш-чараларын андан ары улай уюштурууну негизги маселе деп эсептейм», - деп, вебинарда айтылган ой-пикир, сунуштарды эске алуу менен окуу жайдын тиешелүү структураларында бул аспектиде иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкү багыттарды белгиледи:

- Академиялык чынчылдык боюнча студенттер арасында түшүндүрүү, тарбиялоо иштери (куратордук сааттар, тегерек столдор, вебинарлар, интерактивдүү тренингдер, сынактар, ж.б.) күчөтүлсүн;

- Ар бир багыттын окуу планына ылайык дисциплиналардын алкагында академиялык чынчылдыктын принциптерин сактоо менен окуп-үйрөнүү ишке аша тургандай билим берүүнү камсыздоо чаралары (УМК: баалоо каражаттарынын фонду, тапшырмалар жана тапшырмаларды кабыл алуу формалары, окутуу усулдары ж.б.) күчөтүлсүн;

- 1-курска келген ар бир тайпага уюштурулуучу адаптациялык практиканын мазмунуна студенттин академиялык чынчылдыгы боюнча тренингдерди уюштуруу киргизилсин;

- Студенттерге жана окутуучуларга академиялык чынчылдык жөнүндө маалымат берүүчү брошюраларды, плакаттарды, видеороликтерди иштеп чыгуу жана аларды жайылтуу иштери колго алынсын;

- Буга чейин университетте түзүлгөн атайын программа аркылуу бүтүрүүчү квалификациялык иштер, илимий журналдарга берилчү макалалар плагиатка текшерилип келинген, мындан ары курстук иштер, рефераттар жана ушул сыяктуу жазуу иштерин бул программа аркылуу плагиатка текшерүү практикалансын.

Бул вебинардын толук видеосун бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот: https://youtu.be/MqPR4WiEBVs

Вебинарда айтылган пикирлер:

Каримов Мырза: «Академиялык чынчылдыкты түшүнүү үчүн студент академиялык жалганчылыктын түрлөрүн (алдоо, бурмалоо, калп айтуу, плагиат) билиши керек жана аны жасабоону колго алуусу зарыл. Бул түшүнүк кайдыгерлик менен да шартталган абал. Мугалимдин кайдыгерлиги, студенттин кайдыгерлиги, университеттики дегендей. Берилген тапшырманын (күнүмдүк, курстук, квалификациялык иштердин баарында) аткарылышын текшерүүдөгү жоопкерчиликтүүлүк мамилебиз менен студентти академиялык чынчылдык нормаларын сактоосуна же бузушуна жол беребиз. Студенттин академиялык таза эмес иштери үчүн бааны төмөн коюу, ишти кабыл албоо, керек болсо окуудан четтетүү сыяктуу жазалоону колдонуу зарыл. Ал үчүн алгач студентке бул боюнча толук маалымат жеткирип, анын нормаларын үйрөтүп, маалымат булактары менен иштөө, аларды анализдөө, цитаталаштыруу, адабият булактарынын тизмесин түзүү деген иш-аракеттерди үйрөтүшүбүз керек».

Абдуманапов Рустам: «Компьютердик технологиянын өнүгүүсү түрдүү окуп-үйрөнүү маселелерин жеңил чечкенге жардам берет, ошол эле учурда плагиатты айланып өтүү, плагиатты алдоонун оңой жолдоруна да жардам берет. Студент өз ишиндеги плагиаттын көрсөткүчүн төмөндөтүүнүн түрдүү жолдорун ойлоп табат. Ошондуктан ар бир мугалим буга даяр болушу керек. Мындай учурларды болтурбоо, ага каршы күрөшүү чараларын мугалим, университет киргизе алышы керек».

Сайназаров Кеңешбек: «Сапаттуу билим деген эмне? Ушул суроого жооп берип көрөйлү. Биринчиден, мен студенттерге, деги эле жаштарга айтып кетким келет, сапаттуу билим алып жатканыбызды өзүбүз да аныктасак болот. Ал үчүн өзүбүзгө «Мен окуп-үйрөнүп жаткан билим канчалык денгээлде менин жашоомду жакшыртканга, мени алдыга жылдырганга, өнүктүргөнгө жардам бере алат?» деген суроону коюшубуз керек. Экинчиден, октуучуларга айтаарым, окутуп жатканда «Мен колдонуп жаткан технологиялар, ыкмалар жана маалыматтар канчалык деңгээлде студентке алдынкы 5-10 жылда кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдасын тийгизет же тийгизе албайт?» деген суроого жооп издеп көрүңүз. Ушул жагынан карап да студентке берилип жаткан билимдин сапатын аныктасак болот. Билимдин сапатын баалаган үчүнчү негизги тарап бул иш берүүчүлөр, клиенттер. Биздин билимибизге ошол тарап канчалык ынанып, канчалык канааттанат, биздин билимибиздин продукциясына алардын суроо-талабы канчалык экендигине жараша да сапат аныкталат».

Шаматов Дүйшөн: «Бул түшүнүк студенттин өзүнүн окуп үйрөнүүсүнө карата өзүнүн адалдык мамилеси. Окутуучулар академиялык чынчылдык боюнча студенттер менен иш алып барууда эки жакты кармашат десек болот. Биринчиси дароо жазалоо керек деген мааниге жакын пикирде болушса, экинчилери туура түшүндүрүү зарыл деп эсептешет. Мен ошол эки пикирди кармангандардын экинчилеринин катарына кирем десем болот. Албетте, студенттер тапшырмаларды интернет булактарынан көчүрсө, бирөөлөрдүн ойлорун бурмалап өзүнүкү кылып колдонсо, аны жазалоо керек. Бирок ал кадамга дароо барбастан студенттерге тушундуруп дем берүү менен шыктандырыш керек. Аларды өз алдынча мындай иштерди аткара алышын ишендиришибиз керек.

Дагы бир пикир, окутуучулар өздөрү да күнөөлүү болушат. Мисалы биздин берип жаткан тапшырмабыздын өзү студентти плагиатка түртүшү мүмкүн. Тапшырмабызды кылдаттык менен карап чыгып түзүшүбүз керек. Тапшырманын жообу эч жерде жок, студент эч кайсы маалымат булагынан түздөн-түз көчүрө албай тургандай тапшырмаларды беришибиз керек. Анан студенттин эмгегин баалаганда ар бир окутуучу ал тапшырманын академиялык чынчылдыктын нормалары сакталып аткарылгандыгына кепилдик берүү менен баа коюшубуз керек. Демек тапшырманын санына эмес, сапатына көнүл бурушубуз маанилүү».

Эшаров Элзарбек: «Мугалим тарабынан коюлган баага ынанбай, өзүнүн окуу-жетишкендигинин деңгээлине дал келбесе да, түрдүү жолдор менен баасын көтөрүү аракетин жасашат. Мен студенттерге кайрылаарым, мындай жол менен баа алуудан баш тарткыла. Бул академиялык тазалыкка жатпайт. Маалыматтарды көчүрүү уурулук. Академиялык чынчылдык түшүнүгү тазалык, башкалардын эмгегине карата урмат, сый, ишенимдүүлүк, адилеттүүлүк, жоопкерчилик деген баалуу сапаттардан жуурулган сапат болуп эсептелинет».

Шералиева Канышай: «Мектепте, ЖОЖдо биз тил сабактарында гана эссе жазабыз. Ал эми башка сабактарда андай тапшырмалар жокко эсе. Азыр кандай болуп калды билбейм, бирок мен окуганда жок эле. Ошол эле тарых, биология, ж.б. сабактарда да эссе жазылышы керек. Аны жазуу менен студент маалыматка өз ой-пикирин жазууга, фактыга, маалыматка көз карашын билдирүүгө, маалыматты анализдөөгө үйрөнүшөт. Студенттердеги көйгөй алар маалыматты анализдөөнү билишбейт. Ага үйрөтүү үчүн ошондой тапшырмаларды мугалим берүүсү керек».

Жумабаева Тасилкан: «ОшМУ алгачкылардан болуп квалификациялык иштерди плагиатка текшерип анан коргоого алып чыгуу тартибин кийирген. Бул абдан алгылыктуу кадам болгон. Магистратурада дисциплинанын алкагында академиялык чынчылдык анын принциптери жөнүндө окутулат. Мен ойлоп турамын, бул темаларды бакалавр баскычынан баштап кайсыл бир предметтин рамкасында кийирүү зарыл. Ошондой эле чоңдор, мугалимдер, окумуштуулар да академиялык чынчылдык принциптерин сактоо менен иш жүргүзүп, үлгү болушубуз керек».

Каланов Орунбай: «Бул иш чара көйгөйлөрдү ортого таштап талдаганга мүмкүндүк берген чыныгы тегерек стол болуп жатат. Уюштуруучуларга ыраазычылык. Биздин негизги күчүбүз, потенциалыбыз өсуп келе жаткан жаштарыбыз. Алар бизге караганда кыйын болушат. Бирок биз аларга жол көрсөтүшүбүз керек. Менимче, ар бир адам академиялык чынчылдык нормаларын өз боюна синириши керек».

Дыйканбаева Тотукан: «Бул маданиятты калыптандырууну мектептен колго алуу керек. Университетте кеч болуп калат. Бир- биринен көчүрүү, китептен даяр көчүрүү, ж.б. иштерге жол койбой балдарды өзү окуп, ага ылайык баа алганга калыптандыруу керек».

Мусакулова Назгүл: «Компьютердик тармактык технологиянын өнүгүүсү менен студент ар кандай тапшырманы интернет булактарысыз аткарбай калды. Ооба, туура, маалыматты издегенге, керектүүсүн иргеп алганга, окуу маселесин чечүүдө маалыматтык технологияны колдонууга, компьютердин жардамында окуу иш чараларын уюштуруп алууга үйрөнүп жатышат, бул абдан жакшы. Бирок, эмне максатта бул ишти жасап жатканын, окуп-үйрөнүүнүн маңызын түшүнбөсө “копировать”, “вставить” командалары менен эле тапшырмаларын аткарып, тапшыра бериштери мүмкүн. Дипломдуу болуш эле бул билимдүү болуш эмес экендигин студент окуу жайдын босогосун аттаганда эле аң сезимине сиңирүү зарыл».

Тойчуева Жылдыз: «2015-жылда иштелип чыккан ЖОЖдун стандарттарында бир эле жолчо «академиялык чынчылдыктын эрежелерин сактоо» деген гана кийирилген. Буга басым жасашыбыз керек. Болгондо да биринчи курстан баштасак. Ошонда студент кийинки курстарда бул нормаларды сактоо менен билим алууга мамиле жасайт. Ошондой эле бизде сабактардын алкагында иштелип чыкчу баалоо каражаттарынын фонду бар. Мында камтылган тапшырмалардын баалоо критерийлерине да академиялык чынчылдыктын принциптерин кошуу керек».

Пусуров Замир: «Академиялык чынчылдык, академиялык эркиндик жана академиялык колдоо (поддержка) менен коштолушу зарыл. Студент өзүнүн ой пикирин эркин айтууга, каршы пикирин билдирүүгө коопсуз шарт болушу керек, эч кандай цензуранын болбостугу маанилүү. ЖОЖдун саясаты ушуну камсыздай турган окутуу-тарбиялоо процессин уюштурууга багытталышы шарт».

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть