Ош технологиялык университетинде аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Азимкан Азимова жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен биргеликте «Билим берүү процессинде WEB багытталган ресурстарды колдонуу» аттуу эл аралык онлайн семинар уюштурулду.
Аталган семинар билим берүү процессинде веб-ресурстарынын натыйжалуулугуна таасир эткен факторлорду карап чыгуу, билим берүүчү веб-ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн, мугалимдер жана студенттер тарабынан колдонулуучу багыттарын кароо максатында уюштурулган.
Семинарда Россиянын Казань кооперативдик институтунун (филиалы) илимий иштери боюнча проректору, «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасынын доценти, э.и.к. Елаенв Астраханцева «Окутуунун аралаш технологияларын колдонуу менен санарип кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү», «Интер-спутник» маданий окуу борборунун «Энциклопедия-Максимум» басмаканасынын директору, профессор Максим Бахтин «Билим берүү мейкиндигиндеги санариптик технологиялар» аттуу темада баяндама жасашты.
Иш-чарага Ош технологиялык университетинен, Ош соода экономикалык колледжинен жалпысынан 35 окутуучу катышты.