16:04 12 мая 2020

ОшТУда эл аралык онлайн семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Азимкан Азимова жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен биргеликте «Билим берүү процессинде WEB багытталган ресурстарды колдонуу» аттуу эл аралык онлайн семинар уюштурулду.

Аталган семинар билим берүү процессинде веб-ресурстарынын натыйжалуулугуна таасир эткен факторлорду карап чыгуу, билим берүүчү веб-ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн, мугалимдер жана студенттер тарабынан колдонулуучу багыттарын кароо максатында уюштурулган.

Семинарда Россиянын Казань кооперативдик институтунун (филиалы) илимий иштери боюнча проректору, «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасынын доценти, э.и.к. Елаенв Астраханцева «Окутуунун аралаш технологияларын колдонуу менен санарип кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү», «Интер-спутник» маданий окуу борборунун «Энциклопедия-Максимум» басмаканасынын директору, профессор Максим Бахтин «Билим берүү мейкиндигиндеги санариптик технологиялар» аттуу темада баяндама жасашты.

Иш-чарага Ош технологиялык университетинен, Ош соода экономикалык колледжинен жалпысынан 35 окутуучу катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Ак жол сага, бүтүрүүчү» аттуу онлайн иш-чара өткөрүлдү

ОшТУда иш берүүчүлөр менен онлайн вебинар болуп өттү

ОшТУда онлайн форматында Ачык эшик күнү өттү

Өзгөн технологиялык институтунда жаш окумуштуулардын жана студенттердин аймактык илимий-практикалык онлайн конференциясы болду

Өзгөн технологиялык институтунда бүтүрүүчү курстардын квалификациялык практикаларынын жыйынтыгы боюнча онлайн конференция өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up