9:32 16 мая 2020

ОшТУда «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда нөлдүк капитал менен кантип бизнести баштаса болот?» аттуу онлайн конок лекция өттү

2020-жылдын 15-майында Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультети тарабынан студенттер үчүн «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда нөлдүк капитал менен кантип бизнести баштаса болот?» аттуу онлайн конок лекция болуп өттү.

Аталган вебинарда ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү, Ош шаардык кеңешинин депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишкердикти жана бизнести колдоо, инвестициялар, тышкы экономикалык байланыш жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы, КМЮАнын «Финансылык укук» жана Кытай Эл Республикасынын Жилин университетинин «Эл аралык мамилелер» адистиктери боюнча магистри, РФнын Болгар Ислам академиясынын «Ислам укугу» багыты боюнча докторанты, КЭРдин Түндүк-Батыш университетинин «Юриспруденция» багыты боюнча докторанты, ийгиликтүү жеке ишкер Абдисаит Каримбеков кеңири маалымат берди. Вебинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.

Вебинарды модератор катары э.и.к., доцент Мурат Абдиев жана ага окутуучу Кеңешбек Маатов алып барышып, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Аамат Артыков жана факультеттин окутуучулары дагы катышты. Факультеттин деканы профессор А.Артыков конок лекторго студенттерге бизнеске болгон кызыктуу мотивация бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, карантинден кийин сентябрь же октябрь айларында окуу жайда реалдуу режимде ушундай сабактарды өтүп берүүнү суранды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть