Ош технологиялык университетинде аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Азимкан Азимова жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан «Педагогика жана психология» боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында онлайн семинар уюштурулду.
Аталган семинар билим берүү процессинде студенттердин жана окутуучулардын байланышын, эмоционалдык, психологиялык абалын билүү, жана студенттерди өзүнө тартуу, аларды активдештирүүнү, сабактын сапаттуулугуна, натыйжалуулугуна таасир эткен факторлорду карап чыгуу жана билим берүүдө мыкты педогогикалык сапаттарды калыптандыруу максатында уюштурулган.
Семинарды КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ага окутуучусу Майрамкан Жокоевна өттү..