10:37 26 мая 2020

ОшМУнун ректору 1000ден ашуун студент менен онлайн баарлашты

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 1000ден ашуун студенттер менен ZOOM платформасы аркылуу баарлашты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын ректору учурдагы кырдаалда университетте аткарылган жумуштарга токтолуп: «Өлкөбүздөгү жаралган кырдаалга карабастан, Ош мамлекеттик университети аралыктан билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, замандын талабына ынгайлашуу менен кырдаалды жөнгө сала алды жана бир топ жумуштар аткарылды. Атап айтсак: KelBil платформасына, AVN электрондук окуу системасына талапка жараша өзгөртүүлөр киргизилип, ыңгайлуулук жаратты. DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми учурдун талаптарына ылайык, ОшМУнун ар бир окутуучусу (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу официалдуу университеттин окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашуусуна шарт түзүлдү.

Zoom платформасынан сырткары, окуу жайдын адистери тарабынан иштелип чыккан университеттин өздүк Webinar.oshsu.kg деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы түзүлдү. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, башкача айтканда синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин DATA борборунда гана сакталуусуна жол ачты. Ал эми абитуриенттер үчүн ЖРТга даярдоо жана алардын даярдыктарын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт ишке кирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат»,- деп билдирди.

Студенттер өз кезегинде окуу төлөмдөрү, академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөдө окуп келүү, окуу жайдын алдыдагы пландары боюнча суроолоруна жооп алышты.

Онлайн жолугушуунун соңунда университеттин ректору алдыда ОшМУнун 80 жылдык мааракеси менен студенттерди куттуктап, «Аралыктан билим алабыз», «Улуу Жеңишке 75 жыл» жана «Атуулдук стипендиясына» ээ болгон студенттердин сертификаттарын онлайн форматта тапшырды.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 80 жылдык маарекеси 28-майда онлайн түрдө өтмөкчү.

Жолугушуунун видеоматериалы төмөнкү шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=ik-KymKUggc&feature=youtu.be

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть