19:29 29 мая 2020

ОшМУнун алдында ачылып жаткан Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имаратына капсула салынды

29-майда өткөн капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы генералдык консулу Роман Свистин катышты.

Пайдубалына капсула салып жатып, жамаат жакшы тилек, максаттар аткарыла берүүсүн каалап, аксакалдар ак батасын беришти.

Филиал Ош мамлекеттик университетинин алдында ачылат. Окуу имаратынын сметалык баасы 76 млн сомду түзгөн курулушту толугу менен ОшМУ каржылайт. Окуу жайдын имаратын 2020-жылдын күз айларына бүткөрүү пландалган.

Алгач 60-90 абитуриент кабыл алуу пландаштырылган. Студенттерге Москвадан келген 100гө жакын адис билим берет. Филиалда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу башталышы күтүлүүдө.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан жана Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

Бүгүнкү күнгө чейин ОшМУ Россиядагы бир топ жогорку окуу жай менен эки тараптуу келишимдердин негизинде жыл сайын академиялык мобилдүүлүк жүргүзүп, онлайн лекцияларды уюштуруп, ири долбоорлорду ишке ашырып, алгылыктуу иштерди аткарып келет. Ар семестрде 30га жакын студент-магистранттар, 100гө жакын илимпоз-окутуучулар Екатеринбург, Белгород, Нижний Новгород, Оренбург шаарларына барып, билип алып, тажрыйба алмашып келишет.

28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Орусиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый окуу жай. Курамында 15 илимий-изилдөө институту, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикистан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть