Ош мамлекеттик университетинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны (мамлекеттик сынактарды тапшыруу, квалификациялык жумуштарды жана магистрдик диссертацияларды жактоо) өткөрүү боюнча «ОшМУнун 2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен уюштуруу жана өткөрүү тартиби» иштелип чыкты.
Ага ылайык, ЖМАны өткөрүүдө төмөндөгүдөй негизги эрежелер камтылды:
- Факультеттер (колледждер) ЖМАны уюштуруу үчүн бүтүрүүчү студенттердин санына жараша интернетке туташтырылган кааналар каралган.
- ЖМАны өткөрүү үчүн видеоконференцияларды онлайн пландаштыруучу жана уюштуруучу атайын вебинардык каражаттардын http://webinar.oshsu.kg (BigBlueButton, ZOOM, ж.б.) жардамында ишке ашырыла .
- Факультеттерде (колледждерде) МАКтын техкатчысы IT адистин жардамы менен алдын-ала түзүлгөн жадыбалдын негизинде сынак тапшыруучу студенттердин тизмесин колдонуп, бир канча күн мурда WhatsApp тайпаларды түзөт.
- Студенттер тизмедеги кезеги менен (оозеки сынакта 4-5 минут аралыгында) шилтеме боюнча видеоконференцияга кирип, идентификациялоо үчүн өзүн тастыктаган документтин жүзүн камерага туштап, 5-6 секундадай кармап турат.
- Студентти идентификациялого деканат (дирекция), куратор түз же аралыктан катышса болот.
- Оозеки сыноо учурунда студенттер билетти кокустан тандоо үчүн, кокустук сандарды генерациялоочу атайын программасы (Random программасы) коюлган атайын компьютерден иштетип билетти тандайт. Техкатчы ал студентке билетти сүрөткө тартып WhatsAppтан жөнөтөт.
- Студент билетти алгандан кийин, видеоконференциядан чыкпастан, камераны өчүрбөстөн, жүзүн камерадан бурбастан, билеттеги суроолорго жоопторду жазат.
- Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам студенттин байланышы үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы кайрадан видеоконференцияга студентти идентификациялоо менен кирүүгө уруксат берет.
- Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам байланыш бүтүндөй үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы аттестациялык сынактан кайрадан өтүү үчүн кошумча убакытты белгилейт.
- Студент берилген билеттеги суроого видео конференцияда оозеки жооп бергенден кийин, суроонун жообун сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу техкатчыга жөнөтүп видеоконференциядан чыгып кетсе болот.
- Студент сынактын жыйынтыгын угуу үчүн идентификация болбостон эле, техкатчы айткан убакытта кайрадан видеоконференцияга кире алат.
- Видеоконференциянын башынан аягына чейин жазылуусуна техкатчы жана IT адис жооп берет.
- Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди (магистрдик диссертацияларды) ОДТны колдонуу менен коргоодо ЖМАга эки күн калганга чейин МАКтын бардык мүчөлөрүнө БКИнин (МДнын) тексти, сын-пикир, илимий жетекчисинин ой-пикири, «Антиплагиат» программасынан текшерилгени боюнча маалымдама (справка), презентация ж.б. жардамчы материалдардын комплекси электрондук форматта жөнөтүлөт.
- Бекитилген мөөнөттө бүтүрүүчүлөр кезеги менен МАКтын курамынын алдында суроолоруна жооп беришет. Ар бир бүтүрүүчүгө 20 минуттан ашпаган убакыт бөлүнөт.
Видео материал төмөнкү шилтемеде: https://www.facebook.com/OshSU1939/videos/250011326090344/