10:27 12 июня 2020

ЖАМУда «Июнь окуяларынын себептери, сабактары жана жыйынтыктары» аталышында онлайн илимий-тарбиялык тегерек стол өттү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын демилгеси менен «Июнь окуяларынын себептери, сабактары жана жыйынтыктары» аталышында онлайн илимий-тарбиялык максатта тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарага университеттин окмуштуулары катышып, июнь окуяларынын 10 жылдыгы боюнча өздөрүнүн илимий баасын жана анализдерин беришти.

Техника илимдеринин доктору, профессор А.Аширалиев «Окуянын түпкү себептери, кайталанбас үчүн жасалуучу иштер» аталышында илимий баяндама жасаса, т.и.к., доцент Э.Авазов «Июнь окуясы изилдөөлөрдө», ага окутуучу А.Доранова «Июнь окуяларынын сабактары», ф.и.к., доцент Г.Токтогулова «Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык мамилелердин учурдагы абалы: көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында илимий баяндама жасашып, берилген суроолорго жооптор алынды.

Июнь окуясы илимдин көзү менен анализденип, мындай окуядан сабак алуу негизги өзөк экендиги белгиленди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть