15-июнь күнү Ош технологиялыкуниверситетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана жана билим берүү институтунда бүтүрүүчү курстардын квалификациялык практикаларынын жыйынтыгына арналган онлайн конференция болуп өттү.
Студенттер практика боюнча мазмундуу отчетторду онлайн демонстрациялады. Конференцияга профессордук-окутуучулар курамы жана ата-энелер комитетинин төрагасы Т.Тагаев комитеттин мүчөлөрү менен бирге катышып, онлайн конференцияга практика жетекчилеринин студенттерге кесиптик багыт берүүдө онлайн сабак өтүп, жардам бергендиги үчүн практика жетекчилери Б.Тынай уулу, З.Зулпуев, Г.Ташбаева, Г.Наджиева, О.Акматов, З.Кадырова, У.Матиева, Б.Кайназаров, Г.Исмановаларга ыраазычылык билдирди. Айрым бүтүрүүчүлөр иш берүүчүлөрдөн сунуштар төшкөнүн, окууну бүтүрсө, ишке жайгашаарын да кошумчалашты.