13:39 19 июня 2020

ОшТУда онлайн форматында Ачык эшик күнү өттү

Ош технологиялык университетинде абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн онлайн форматында Ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чараны ОшТУнун ректору, т.и.д., профессор Абдыкадыр Абидов ачып берип, ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы баш болгон факультеттердин декандары, Гуманитардык-технологиялык колледжи, Ош соода-экономикалык колледжи, Ош курулуш колледжи, Ош айыл чарба техникуму, академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун жана орто мектептердин жетекчилери, ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышты.

Ачык эшик күнүнүн негизги максаты – жаш адистерди даярдоо багыттары жөнүндө, кабыл алуу жана окутуунун эрежелери боюнча маалымат берүү болуп саналат. Абитуриенттерге окуу жай тууралуу, андагы адистиктер, контракттык төлөмдөр жана ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берилип, виртуалдык түрдө таанышты.

Иш-чара Zoom программасында жана www.facebook.com/pressaoshtu.kg баракчасында трансляциялоо аркылуу өттү. Трансляциянын жүрүшүндө ОшТУда 2020-2021-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть