13:46 19 июня 2020

ОшТУда иш берүүчүлөр менен онлайн вебинар болуп өттү

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан экономика багытындагы (Финансы жана кредит профили) адистер үчүн түзүлгөн окуу планынын мазмуну боюнча онлайн вебинар болуп өттү.

Вебинардын негизги максаты – адистиктердин окуу планындагы математикалык, профилдик жана кесиптик компетенцияларынын калыптануусун жана кемчиликтерин иш берүүчүлөр, эксперттердин жана тейлөөчү кафедралардын катышуусунда талдоо болуп саналат.

Бул маселеде кафедра башчысы экономика илимдеринин кандидаты, доцент Марат Зикираев аналитикалык баяндама жасады. Онлайн-вебинарды ОшТУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.Абидов ачып, талкууга ОшТУнун структуралык жетекчилери, тейлөөчү кафедралар жана иш берүүчүлөр катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого коюшту. Онлайн вебинарга көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлер да катышты.

Иш берүүчүлөр азыркы замандын талабына жооп берген адистердин тартыштыгын айтып, керектүү дисциплиналарды окуу планына киргизүүнү сунушташты. Онлайн вебинарда катышуучулар тарабынан ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, кеңири талкууланды. Жыйынтыгында, бардык айтылган баяндардын жана сунуштардын негизинде токтом кабыл алынып, тийиштүү структураларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча милдеттер коюлду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть