11:11 26 июня 2020

Оштогу «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» аттестатына ээ болду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 23-июнда «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн өткөн «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Бексултан Бердибековду куттуктап, ата-энесинин, окуткан мугалимдеринин ак эмгегин актаган мыкты кесип ээси болуусун каалады.

Бексултан Бердибеков «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон.

«Быйыл лицейди 46 бүтүрүүчү аяктады. Былтыркы окуу жылында лицейди 43 окуучу аяктаган, алардын баары учурда алдыңкы ЖОЖдордо билим алып жатышат», - деди лицейдин директору Жоогазын Болушова.

2019-жылы «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Жумаева Мэриниса «Алтын тамга» аттестатынын ээси болгон. Ал эми 2017-2018- окуу жылында «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар жалпы республикалык тетирлөөдөн эң жогорку упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болсо, 1 окуучу Ош облусу боюнча эң жогорку упай алып, өлкө башчысынын колунан атайын белекке ээ болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть