15:06 15 июля 2020

ОшМУнун демилгелүү жамааты медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштура баштады

Ош мамлекеттик университетинде 350дөн ашуун медицина кызматкерлердин резервдик тобу түзүлүп, алгачкы окуулардан өтүп, медицина кызматкерлери менен биргеликте калктын саламаттыгын сактоого салымдарын кошуп жатышат.

Резервдик топто ОшМУда медицина багытындагы эмгектенген окутуучулар, ординаторлор, ошондой эле медицина факультетинин 5-6-курстарынын 200дөн ашуун ыктыярчы студенттери бар.

ОшМУнун жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда учурда 40 ординатор-студенттер, врач-окутуучулар илдетке кабылган жарандарга врач, медайым, санитар катары ишке киришти.

Орус филологиясы факультетинин деканынын окуу иштери орун басары Ыкыбал Темиркулова 10-июлда үй-бүлөсү менен демилге көтөрүп, университеттин жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда иштеп жаткан 47 медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштуруп барышса, кечки тамакты медицина факультетинен окутуучулары даярдап алып барышкан.

Бул демилгени кафедралар, жеке окутуучулар да колдоого алышты. Эми университеттин жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ОшМУнун жамааты ар күнү кезеги менен түшкү ысык тамак уюштура баштады.

Ал эми чыгармачыл жаштарды дайыма бириктирип келген Улукбек Омокеев баштаган таланттуу «Жигер» чыгармачылык жаштар борбору да окурмандар арасында #Дарыгерге_дем китеп сатуу акциясын уюштуруп, андан түшкөн каражатка Ош шаардык ооруканасына респираторлорду, врачтар үчүн күнүмдүк мукаждыгынына керектелүүчү каражаттарды алып беришкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть