11:41 27 августа 2020

ЖАМУнун окуу корпустарынын сырттары оңдолуп, жаңы түс берилди

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын сырттары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, окуу жылына даярдалууда. Бул маалыматты окуу жайдын чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметов кабарлады.

«Үстүбүздөгү жыл кыйын кырдаалга туш болгонуна карабастан, университетте ремонт иштери жүрүп, жаштардын терең билим алуусуна шарт түзүлүүдө. Окуу корпустарынын сырттары оңдолуп, жаңы түс берилди», – дейт ал.

С.Уметов кошумчалагандай, башкы корпустун сыртына сары таш жабыштырылып, айланасына заманбап жарнактык щиттер орнотулду. Андан сырткары, табигый газондор төшөлүп, жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть