20:11 27 августа 2020

Ош мамлекеттик университетинде 1-курска кабыл алынган студенттерге онлайн адаптациялык лекция өтүлүп жатат

Ош мамлекеттик университетине кабыл алынган студенттерге билим алууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, окуу процессинин уюштурулушу жана жүрүшү, онлайн окутуунун уюштурулушу боюнча проректорлор маалымат берип жатышат.

Факультет, колледждердин окутуучулары адаптациялык жумалыкты өткөрүү графигине ылайык, студенттердин онлайн лекцияга катышуусун камсыз кылууда.

Пандемия шартында белгисиз мөөнөткө чейин онлайн билим берүү ишке ашырыла тургандыгын эске алуу менен, университет буга чейин түзүлүп, пландалган иш-чарага ылайык иштеп жатат.

2020-2021-окуу жылында 27-августка карата ОшМУда билим алуу үчүн документтерин тапшырып, тастыктаган студенттердин саны 10 миңге жетти.

Ош мамлекеттик университетинде учурда 2 институт, 20 факультет, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть