12:53 1 сентября 2020

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору КР УИАнын корр.-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р.З. “Билим күнү” менен куттуктады

2020-жылдын 1-сентябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Билим күнүнө арналган онлайн конференция өткөрүлдү.

Иш-чарада университеттин ректору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Р.Нургазиев куттуктоо сөз сүйлөп, бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү кырдаалга байланыштуу университетте сабактардын баары, жайкы сессия, мамлекеттик сынактар, кеңешмелер, семинарлар онлайн режимде өткөрүлгөдүгүнө токтолду. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө адистердин жетишсиздигине байланыштуу К.И.Скрябин атындагы КУАУнун вирусологдорун ишке тартылгандыгына, инфекция менен күрөшүүдө алгылыктуу иштер жасалгандыгын белгиледи. Университет 90 жылга жакын мезгилде сыймыктуу жолду басып өткөндүгүнө, Агроөнөржай комплекси үчүн 60 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистер даярдалганына токтолуп, дүйнөгө аты чыккан Эл жазуучусу, зоотехния факультетинин 1953-жылкы бүтүрүүчүсү Ч.Айтматов, эмгектин үч жолку баатыры Т.Акматов, президент Сооронбай Жээнбеков аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү экендигин баса белгиледи.

Ошондой элеуУниверситетте студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүгүнө, илимий китепкана 600 миң окуу куралы жана окуу-методикалык колдонмолор менен камсыз болгонуна, электрондук китепкана жана интернет менен жабдылган заманбап окуу-методикалык кабинеттер түзүлгөндүгүнө токтолду. Профессордук-окуутуучулар жамааты электрондук материалдар менен камсыздалгандыгын тастыктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть