13:07 1 сентября 2020

ОшМУ Билим күнүн онлайн белгиледи

Бүгүн, 1-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин бардык факультет, колледж, лицей, гимназиялары 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн Zoom платформасы аркылуу Билим күнүн уюштурду.

Иш-чарага ректорат тарабынан бекитилген куратор проректорлор, департаменттердин башчылары, факультеттердин жамааты, студенттер катышты.

Билим күнү ректор Кудайберди Кожобековдун 2020-2021-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамына жана студенттерине арнаган видеокайрылуусу менен башталып, ар бир структурада жаңы окуу жылынын башталышына карата куттуктоолор жаңырды.

Окуу жайдын босогосун аттап жаткан 1-курстун студенттери үчүн ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, келечек пландары, максаттары, миссиясы камтылган маалыматтар менен коштолгон ОшМУга онлайн саякат уюштурулду. Ошондой эле университеттин онлайн билим берүүгө карата даярдыктары, «Кантип заманбап адис болобуз: XXI кылымдын негизги компетенциялары» деген темада баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деген темада 2020-2021-окуу жылындагы алгачкы куратордук сааттар өтүлдү.

Ош мамлекеттик университетинде учурда 2 институт, 20 факультет, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть