13:52 1 сентября 2020

Кадамжайдагы №5 Б.Айтматов мектеп-гимназиясында Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка аралыктан өткөрүлдү

Кадамжай шаарындагы №5 Бабажан Айтматов атындагы гимназия мектебинде 1-сентябрь Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка аралыктан өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Муратова катышты. Онлайн линейканы мектеп директору Тургунай Айтматова ачып берди.

Гүлшан Муратова жалпы кыргыз элине, мугалимдер жамаатына, окуучуларга каалоо-тилектерин айтып өттү. Окуу бөлүмүнүн башчысы Айзада Айдарова класстар, класс жетекчилер, жаңы келген мугалимдер жана сабактардын расписаниеси жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле билим уясынын босогосун жаңы гана аттаган 1-класстын окуучусу Султана Алмазбекованын, 11-класстын окуучусу Жанбүбү Алифретованын куттуктоолору менен коштолду. Тажрыйбалуу жана алдыңкы мугалимдердин катарын толуктаган англис тили мугалими Динара Малик кызы да куттуктоосун билдирди.

Аралыктан өткөрүлгөн салтанаттуу линейка 11-«Б» классынын окуучусу Адилет Кутпидиновдун, 1-класстын окуучусу Султана Алмазбекованын алгачкы коңгуроону кагышы менен соңуна чыкты.

Мекттепке кирер алдында 1-класска кабыл алынган жаш жеткинчектердин дене табын медайым Зулайка Мисирова өлчөп, балдардын бет кап, кол каптарды кийүүсү көзөмөлгө алынды. 1-класстар үчүн алгачкы тарбиялык сааттар өтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Кадамжайдагы Б.Айтматов гимназиясында кыргыз жана орус элдеринин каада-салты боюнча иш-чара өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Б.Айтматов гимназиясында көп тилдүү билим берүү программасы боюнча иш-чара өткөрүлдү

Кадамжайдагы Б.Айтматов гимназиясында акыркы конгуроо салтанаты онлайн форматта өткөрүлдү

1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо куну

Кадамжайдагы Б.Айтматов мектеп-гимназиясында акыркы коңгуроого арналган вебинар өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть