16:39 14 сентября 2020

ОшМУнун командасы эл аралык жайкы мектепке катышты

7-11-сентябрь күндөрү Оренбург мамлекеттик университетинде жыл сайын өтүүчү «Современная российская наука и культура» деп аталган V эл аралык жайкы мектеп онлайн форматта уюштурулду. Ага 6 университеттин: Ош мамлекеттик университети (Кыргыз Республикасы), Хиросима университети (Япония), Эхиме университети (Япония), Сантарен политехникалык институту (Португалия), Түштүк Кытай педагогикалык университети (Гуанчжоу, КЭР), Ташкент мамлекеттик транспорт университети (Өзбекстан Республикасы) окутуучулары жана студенттери күбө болушту.

Ал эми ОшМУдан дүйнөлүк тилдер жана маданият, эл аралык мамилелер факультеттеринин студенттеринен куралган команда катышып, аны академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Амиралиев Семетей жетектеди.

Муктарбекова Аида, Ширяева Зинаида окуу жай, анын өзгөчөлүктөрү, заманбап билим берүү системасы, инфраструктурасы, студенттерге түзүлгөн мыкты шарттар боюнча презентация жасашты. Нурдинова Айдана, Ормонова Бегимай кыргыз элинин маданияты, каада-салты, жаратылышы, улуттук тамак-ашы, кийимдери ж.б. руханий дөөлөттөрү боюнча айтып беришип, чакан видеоролик көрсөтүштү. Чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү ОшМУнун электрондук башкаруу системасын жогору баалашаканын жана Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна суктанышканын билдиришти.

4 күнгө созулган илимий жана маданий фестиваль Россиянын тарыхы, географиясы, мыйзам-укуктук ченемдери, орус элинин маданий баалуулуктары ж.б. камтылган интерактивдик лекциялар, мастер-класстар, Оренбург шаарына болгон виртуалдык тур менен коштолду. Онлайн жыйындын программасы англис тилинде жүрдү. Жыйынтыгында ар бир катышуучу сертификатка ээ болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть