ОшМУнун Кыргыз-Түрк факултетинин Киноакадемиясы тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы тартууланды.
Аталган драма ЭлТРдин «Билим жана илим» каналынын студиясында 22-сентябрда спектаклдештирилди. ОшМУдан конок катары катышкан, профессордук-окутуучулук курамдын атынан сөз сүйлөгөн ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.
«Мар Байжиев — өтө терең маанилүү, турмуштун дал кайнаган жерин чагылдырган мыкты драматург. Бул чыгармасында тилдин тагдырын, тарбия, кыргыздын жалынган, айланып-үрүлгөн керемет сөздөрүн даана чагылдырат. Ары күлкүлүү, ары терең маанилүү драма», - дейт иш-чаранын уюштуруучусу, ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору Улукбек Омокеев.
Спектаклдин режиссеру: Kutman Sharshentegin — Киноакадемиянын жетекчиси
Каармандар:
Болдукан: Зейналиева Калидакан — ОУДТнын актрисасы.
Дездамона: Сезим Эшимбек кызы — Киноакадемиясын студенти.
Аскар: Нурсултан Абдикаримов — ОУДТнын актеру, ОшМУнун бүтүрүүчүсү.
Муканбет Шыйкымбаев: Рыскелди Мойдунов — Киноакадемиянын окутуучусу.
Сүйүмкан: Айсана Жаныбек кызы — Киноакадемиянын студенти.