2020-жылдын 23-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жооптуу кызматкерлери КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган республикалык онлайн конференциянын ишине катышты.
Алар конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча республиканын окуу жайларында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу жумуштар тууралуу маалымат алышты жана КММАдагы иш-чаралар жөнүндө айтып беришти.