11:48 24 сентября 2020

Техникалык университетте Мамлекеттик тил күнү онлайн белгиленди

23-сентябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан онлайн режиминде Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара онлайн уюштурулду.

Иш-чарага жалпы университеттин профессордук-окутуучулук курамы, бардык түзүмдөрдүн мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлери жана студенттер катышты. Иш-чара интернет колдонуучуларына YouTube каналынан түз көрсөтүлүп турду.

Майрамдык иш-чаранын башында КМТУнун өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Бекжан Төрөбеков жалпы катышуучуларды майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча университетте аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Ал эми университетте пандемия шартында окуу процесси кандай форматта өткөрүлүп жатат жана санариптештирүү доорунда IT-технологиялардын жаны инновациялары жөнүндө IT-департаментинин директору Алмаз Арзыбаев кеңири токтолуп кетти. Ошондой эле кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул кызы Айнура кыргыз тилин аралыктан окутуунун жетишкендиктери менен кемчиликтерине токтолду.

Ошондой эле катышуучуларга куттуктоо сөзү менен КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сѳз катчысы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн университеттин профессору, экономика илимдеринин доктору Истанбек Атантаевге жана кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Акдана Исраиловага «Кыргыз тили» төш белгисин тапшырды. Ошондой эле кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Дилбар Рысбековага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасын тапшырды.

КМТУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер тил боюнча көркөм окууларын сунуштап жана комуз күүлөрүн аткарышты. Ошондой эле «ТилTimes» студенттик гезиттин кезектеги майрамдык саны даярдалып, басмадан чыгып, катышуучуларга таратылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть