14:09 7 октября 2020

Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун VIII жалпы жыйыны өттү

Ош технологиялык университети орус-кыргыз техникалык университеттердин консорциумунун онлайн форумуна катышты. Жолугушуу катчылыктын кызматкерлери тарабынан жана КМТУнун атынан уюштурулуп, онлайн режимде өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө консорциумдун курамына Кыргызстандын 8 алдыңкы жана Россиянын 30 жогорку окуу жайлары кирет. Кезектеги Жалпы чогулуштагы программага ылайык, өткөн жылдагы иштин жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле заманбап шарттарда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу практикасы, Россия менен Кыргызстандын өнөктөш университеттеринин кызматташуу тажрыйбасы сыяктуу иш-аракеттердин актуалдуу маселелери баса белгиленди.

Ошондой эле «Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер» VI Эл аралык илимий-техникалык конференциясынын пленардык жыйыны болуп өттү. Мурда маалымдалгандай, секциялык сессиялар ушул жылдын 15-мартынан 25-майына чейин онлайн режиминде болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть