15:34 17 октября 2020

КМТУда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган тегерек стол уюштурулду

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде И.Раззаковдун 110 жылдыгына арналган «И. Раззаковдун Кыргыз ССРинин өнүгүүсүнө кошкон салымы» аттуу тегерек стол уюштурулду.

Жыйын 2020-жылдын 15-октябрында КМТУнун жыйындар залында Илим жана дасыкты жогорулатуу бөлүмү жана «Философия жана социалдык илимдер» кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.

Тегерек столду КМТУнун ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мураталы Жаманбаев ачты.

Тегерек столдун модератору, КМТУнун проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Рая Султаналиева катышуучуларды жыйындын ачылышы менен куттуктап, И.Раззаковдун Совет мезгилинде Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын өнүгүүсүнө, саясий түзүлүшүнө, экономикасынын калыптанышына жана улуттук инженердик кадрларды даярдоодо салымы баа жеткис экенин белгилеп өттү.

Тегерек столдо И.Раззаковдун ишмердүүлүгүнө жана анын жекече адамдык сапаты боюнча көз караштар, пикир алышуулар жана докладдар окулду.

Жыйынга Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жана ЖОЖдордун көрүнүктүү тарыхчылары, илимий кызматкерлери жана профессордук-окутуучулук курамдары катышып, баяндама жасашты.

Жыйынга филология илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков, тарых илимдеринин доктору, профессор Аблабек Асанканов, филология илимдеринин доктору, профессор Мариям Эдилова, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Розетта Айтматова, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Алымкулов, филология илимдеринин кандидаты, доцент Токтоке Жумагулов, профессор Өскөнбай Козубаев, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ахматбек Бапиев катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть