19:55 22 октября 2020

ЖАМУ билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтөт

2020-жылдын 21-23-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университети жогорку билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүүдө.

Аккредитацияны көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (НААР) өткөрөт. Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзөт.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышат. ЖАМУ агенттик койгон талаптарга жооп берсе, жогорку билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМУ билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү

ЖАМУ жогорку билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп жатат

ЖАМУнун окуу корпустарынын сырттары оңдолуп, жаңы түс берилди

ЖАМУда окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди

ЖАМУнун окутуучусу Г.Абдырахманова «Экономика илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасына ээ болду

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up