18:24 23 октября 2020

ЖАМУ жогорку билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп жатат

2020-жылдын 22-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университети жогорку билим берүүнүн 7 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүүдө.

Программага ылайык, биринчи күнү окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов менен интервью болду. Анда ректор университет жөнүндө жалпы маалымат билдирип, буга чейин аткарылган жана алдыда аткарыла турчу иштер тууралуу пландар менен бөлүштү.

Андан соң проректорлор менен интервью жүргүзүлүп, 4 проректор өздөрүнүн тармактары боюнча маалымат беришти. Ошондой эле бөлүм башчылар, декандар жана кафедра башчылары, окутуучулар жамааты менен интервью болду.

Бул күнү окуу жайдын окуу корпустары, материалдык-техникалык базасы менен тааныштырылды.

ЖАМУ эл аралык көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги тарабынан онлайн түрүндө аккредитациядан өткөрүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть