15:26 23 октября 2020

ОшМУнун ENACTUS командасы таанытуу иш-чарасын уюштурду

ОшМУнун ENACTUS командасы таанытуу иш-чарасын уюштурду. Иш-чарага ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, ОшМУнун ENACTUS командасынын эдвайзери Эрлан Камалов, Мээрим Маметова жана ОшМУнун ENACTUS командасынан чыккан белгилүү бизнесмендер, университеттин 500гө жакын студенттери катышты.

Салтанат пандемия шартына ылайык онлайн уюштурулду.

Иш-чарада ОшМУнун Enactus командасы, жетишкендиктери тууралуу видео көрсөтүлүп, ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаеванын сөзү менен ачылды. Ал активдүү студенттерден куралган ENACTUS командасы боюнча токтолуп, ар бир студентти активдүү, билимдүү мыкты болууга чакырды. Ошондой эле мындай мыкты студенттер университеттин өнүгүшүнө, коомдун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуша тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Гүлбарчын Сүйүнова Enactus программасына ар бир студент катышып, өзүн өнүктүрүп, практика алуу мүмкүнчүлүгү көп экенин баса белгилеп, студенттерди ага мүчө болууга чакырды.

Команданын эдвайзери Эрлан Камалов: «Бүгүнкү жолугушууда Кыргызстанда ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө салым кошом деген жаштар отурат. ОшМУнун ENACTUS командасы — 2 жолку Кыргызстандын улуттук чемпиону, 7 жолку вице-чемпиону. Андыктан, командага жаңы активдүү жаштарды чакырабыз жана команданын ийгилиги мындан да жогору болушуна тилектешпиз», - деген тилегин билдирди.

Ошондой эле команданын эдвайзери Мээрим Маметова жана бир топ команданын курамында өзүн такшалтып, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрү команданын ишине ийгилик каалап, максаты чон, креативдүү, дайыма изденүүдө жүргөн студенттерди командага чакырып өтүштү.

ОшМУнун ENACTUS командасы 1999-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет. Бул жылдар аралыгында 100гө жакын бизнес долбоорлорун иштеп чыгышкан, ошондой эле команданын курамында жүргөн көптөгөн жаштар учурда ийгиликтүү иштеп келе жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть