21:44 2 ноября 2020

ОшМУда маданият кызматкерлери сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, маданият тармагында эмгек сиңирген окутуучулар сыйланды.

Салтанатка университеттин профессордук-окутуучулук курамы, искусство факультетинин жамааты, студенттер катышышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө искусство факультетинин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин концерттик программалары тартууланды.

Жалпы маданият кызматкерлерин куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университеттин маданий-массалык иш-чараларына активдүү катышкан университеттин структураларын, жаштарга билим берүү менен маданият, искусство тармагында эмгек сиңирген окутуучуларды куттуктап, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун ардак грамоталарын, дипломдорун тапшырды. Ошондой эле май айында Улуу Жеңиш майрамына карата пандемия шартында онлайн уюштурулган студенттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө диплом, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

ОшМУда ноябрь айы «Жаштар-илим, искусство, маданият» айлыгы деп жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть