12:52 18 мая 2017

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери ЖК депутаты Максат Сабиров менен жолугушту

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин Көркөм маданият жана билим берүү факультетине Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров келип, студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда аталган факультеттин Музыка кафедрасынын башчысы Кубатбек Жакыпов факультет тууралуу, студенттери жөнүндө жалпы маалымат берип, факультеттин жетишкендиктерин, коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катышып, ийгилик жараткан студенттердин эмгектерин М.Сабировго тааныштырды.

Эл өкүлү студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын бүгүнкү саясий, маданий, коомдук жана билим берүү тармагындагы абалы жөнүндө кенен маалымат берип өттү.

Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү, студенттер депутаттын ийгиликке кантип жетишкендиги кызыктырып, эл өкүлү өзүнүн басып өткөн жолу, иш-аракети тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, М.Сабиров Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердигине да токтолду. «Мыйзам чыгарууда депутаттарга сиздердин жардамыңыздар керек. Анткени сиздер эл менен тыгыз байланышта болуп, алардын суроо-талабын жакшы билесиздер. Билим берүү тармагындагы маселелерди чечүүнүн жолдорун ушул тармакта эмгектенген адамдар гана билишет. Бизге кат аркылуу байланышсаңыздар, биргелешип иш алып барууга даярбыз», – дейт эл өкүлү.

Жолугушууда эл өкүлү менен студенттер ачык, эркин формада сүйлөшүү жүргүзүштү.

Соңунда, келген конокко факультеттин активдүү студенттери концерт тартуулап, ал эми депутат студенттердин окууларына ийгилик каалап, келечекте мамлекет үчүн мыкты инсандардан болуп чыгууларына тилектеш экендигин билдирди. Жолугушуу эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть