15:19 18 мая 2017

Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат

КРдин саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ош мамлекеттик университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги менен Ош шаарында биринчи жолу 2017-жылдын 18-19-майында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат.

Курултайга республикабыздын бардык аймактарынан 500дөн ашуун үй-бүлөлүк дарыгерлер, медициналык ЖОЖдордун жана факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы, саламаттыкты сактоонун көрүнүктүү илимпоздору катышты. Алардын катарында ыраакы чет өлкөлүк, Борбордук Азиялык жана КМШ өлкөлөрүнүн үй-бүлөлүк медицина тармагы боюнча эксперттери жана адистери да катышышты.

Курултайда КРдин биринчи айымы Раиса Атамбава, Президенттин аппаратынын орун басары Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, КРдин Саламаттыкты сактоо министири Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облустунун губернатору Таалай Сарыбашев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, И. К. Ахунбаева атындагы КУМАнын ректору Индира Кудайбергенова, Дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюмунун эвропалык бөлүмдүн президенти Анна Ставдаль, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун жетекчиси Хуан Тилло, Рене Холенштайн, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы, профессор Луи Лутон, USAID өкүлчүлүгүнүн директору Розен Кимберли, сөз сүйлөшүп Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайынын ишинин жүрүшүнө ийгиликтерди каалап, үй-бүлөлүк медицинаны уюштуруу маселелери, үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо багытындагы ойлорун ортого салышты.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө баяндамалар жасалып, талкуулар жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле курултайдын калган бөлүгү ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан медицина факультетинин жана клиникасынын базасында уланууда. Курултай эртен 19-май күнү да ОшМУнун Ак-Буура кампусунда улантылат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, тиешелүү тармактарга сунушталат.

Белгилей кетсек, 1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат. Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтыкмактын жана достуктун платформасы болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть