14:34 25 мая 2017

Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот, деген суроого ОшМУнун студенттери жооп алышты

Ош мамлекеттик университетинде 24-май күнү “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйын болуп өттү.

ОшМУнун окутуучуларына, магистранттарына жана студенттерине академиялык мобилдүүлүк жөнүндө жалпы маалымат берүү, чет өлкөгө чыгып келген окутуучулардын жана студенттердин өз тажрыйбаларын башкалар менен бөлүшүүсүнө шарт түзүү, ОшМУнун окутуучуларынын, магистранттарынын жана студенттеринин чет өлкөгө чыгып тажырыйба алмашып, окуп келүүсүнө мотивация берип, кызыгууларын арттыруу, Erasmus+, Mevlana, УШОС, ички мобилдүүлүк жана башка чет өлкөлүк билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды жайылтуу максатында уюштурулган жыйын ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.Абдувалиев, ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери тарабынан уюштурулуп, аталган жыйынга чет өлкөгө окуп келүүнү самаган университеттин бардык факультет, колледждеринен студенттер, магистранттар катышышты.

Алгач аталган жыйында ректор Каныбек Исаков университеттеги эл аралык байланыштар багытындагы мүмкүнчүлүктөр, аракеттер, жасалып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматтар камтылган “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” деген аталыштагы презентациясы менен тааныштырды. Ошондой эле Италия, Эстония, Испания, Германия, Кытай, Индия, Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркменистан, Таджикистан, Корея, Япония жана башка өлкөлөрдөгү алдыңкы университеттер менен болгон байланыштар, академиялык алмашуу программалары, эки тараптуу кызматташтыктарга кеңири токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө Германия, Түркияда билимин жогорулатып келген медицина факультетинин студенти Медет Кочкоров “Медицина факультетинин студенттери үчүн Мевлана программалары”, УШОС боюнча Казакстандан академиялык алмашуу программасына ылайык билим алып келген математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Мадина Мырзакамалова “Алматы шаарындагы билим алуу”, Кытайда Конфуций программасынын стипендиясы аркылуу билимин жогорулатып келген Кыргыз-кытай факультетинин студенти Заирбек кызы Жазгүл “Кытай өлкөсүндө окуунун жолдору”, Япон фондунун Кансай эл аралык борборунун программасы менен билим алып келген эл аралык мамилелер факультетинин студенти Айтурган Жумагулова, “Күн чыгыш өлкөсүндөгү окуу-маданий саякат”, Испаниянын Кадис университетинде Эразмус+ka107 программасы боюнча билимин жогорулатып тажрыйба алып келген дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин магистранты Нурзада Эргешова “Ийгиликтин алгачкы сапары”, Түркияда Мевлана программасы аркылуу билимин жогорулаткан тарых факультетинин студенти Калпакова Айпери “Окууга болгон кызыгууну жогорулаткан саякат”, УШОС боюнча Россиядан академиялык алмашуу программасынан билим алган математика жана информациялык технологиялар факультетинин магистранты Нурсултан Жолдошев “Россия өлкөсүндө окуп келүү жөп-жөнөкөй”, Испаниянын Кадис университетинде Эразмус+ka107 программасы боюнча билимин жогорулаткан бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Сардарбек Умаралиев “Кадис университетинин экономика факультетинде болгон окуу”, Германия, DAAD программасы боюнча билим алып келген медицина факультетинин студенти Тимур Савлатбеков “Медицина факультетинин студенттерине мүмкүнчүлүк жараткан DAAD программасы” деген темалардын алкагында презентацияларды жасашып, чет өлкөдө билим алуунун шарттары, мүмкүнчүлүктөр, жетишкендиктер боюнча маалымат беришти.

Жыйындын соңунда студенттер чет өлкөдөн билим, тажрыйба алып келген студенттерге кызыктырган суроолорду беришип, жоопторду алышты.

Учурда бир жылда ОшМУдан 1000ден ашуун студенттер, 300дөн ашуун окутуучулар чет өлкөлөрдөгү университеттерде 1 айдан 1 жылга чейинки аралыкта билим, тажрыйба алып келип келүүдө. Окутуучулардын, студенттердин чет өлкөлөрдөн билим алуусуна шарт түзүү максатында университетте көп тилдүүлүк боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, каалоочулар үчүн англис, немис, түрк, кытай, орус тилдерин үйрөтүүчү курстар уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть