15:28 1 июня 2017

ОшМУда Кыргыз-кытай факультети үчүн курулган жаңы окуу имараты менен жатаканасы пайдаланууга берилди

Университетте билим берүүнү интернационалдаштыруу багытында олуттуу аракеттер жасалып, акыркы беш жыл аралыгында эл аралык байланыштын вектору Батыш менен Чыгышка, Түндүк менен Түштүккө карай кеңейип, жаңы билим берүү структуралары түзүлүп, 10 ири суммадагы инвестициялар тартылды.

31-май күнү инвестициялык долбоордун алкагында ишке ашкан Кыргыз-кытай факультети үчүн курулган жаңы окуу имараты менен жатаканасынын ачылуу аземи болуп өттү.

Салтанатка КРдин Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Кытай Эл Республикасынын Оштогу консулу Сун Лицюн, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Билим берүү департаментинин башчысы Лян Чао, Пекиндеги Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы Ханбандын жетекчисинин 1-орун басары Ли Хун Юй, Синьцзянь мамлекеттик педагогикалык университетинен өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору, шаар тургундары жана ОшМУнун жамааты катышышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “ОшМУ бүгүн Кыргызстандагы гана эмес Борбордук Азиядагы мыкты университеттердин бирине айланып, алыскы чет өлкөлөр менен жакынкы кошуна өлкөлөр менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп, жемиштүү иштеп жатат. Бүгүнкү ачылып жаткан жаңы окуу имараттары да жаштарыбыздын сапаттуу билим алуусуна кызмат кылган куттуу билимдин ордосу болсун”, -деген тилегин билдирди.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева “Акыркы жылдары Ош мамлекеттик университети билимдин сапатын көтөрүү, элибизге керектүү, атаандаштыкка жарамдуу адистердин жаңы муунун даярдоо үчүн бардык аракетин бир максатка багыттай алды. Билим берүүнү интернационалдаштырууну, академиялык мобилдүүлүктү, көп тилдүүлүктү өркүндөтүп, компетенттүүлүктү калыптандыруу жолунда чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Өзгөчө иинновациялык табылгаларды окуу өндүрүшүнө киргизүү үчүн көлөмдүү инвестицияларды тартып, инфраструктурасын жогорку деңгээлге көтөрдү. Кыргызстанда жана эл аралык коомчулукта ОшМУнун аброю көтөрүлүп, жамаатка чоң ишенимдер жаралды. Бул имараттар Кытай менен биздин кызматташтыгыбызды, маданий салтыбызды бекемдөөгө негиз болот деп ишенем. ОшМУ өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайдын бири. Бул окуу жайда жүргүзүлүп жаткан иштер бүгүнкү күндө республикабыздагы бардык жогорку окуу жайларына жайылтылууда”, -деп жалпы жамаатка куттуктоо сөзүн жолдоду.

Кеченин жүрүшүндө Кытай Эл Респбуликасынан келген коноктор да куттуктоо сөздөрүн айтып, ОшМУнун алдындагы Конфуций институту дүйнөдөгү Конфуций институттарынын ичинен “Эң үлгүлүү институт” деген наамга ээ болуп, бардык тараптан үлгү көрсөтүп келе жаткандыктарын белгилешти.

Салтанаттуу аземде окуу имаратынын жана жатаканасынын кызыл тасмасы кесилип, коноктор имараттын ички мазмуну, заманбап материалдык-техникалык базалары менен таанышып чыгышты.

Кошумчалай кетсек, окутуунун сапатын дүйнөлүк талаптарга ылайык көтөрүү максатында Кыргыз-кытай факультетинин жаңы окуу имаратын жана жатаканасын куруу үчүн Кытай Эл Республикасынан 800 000 доллар грант алынып, 600 орундуу 5 кабаттуу окуу имараты жана 160 орундуу 5 кабаттуу жатакана курулуп, пайдаланууга берилди.

Кыргыз-Кытай факультетинин жаңы окуу корпусунда 40 окуу аудиториясы, окуу залы, концеренц зал, конок зал, көз карандысыз тестирлөө борбору, кыргыз таануу, кытай таануу борборлору, лингафондук зал, спорттук зал, концерттик зал жайгашкан. Ал эми жатакана 160 орунга ылайыкташкан. Анда окуу залы, музыкалык каана, ашкана, студенттик кафе жайгашкан.

Азыр ОшМУ Кытай Эл Республикасынын 52 университети менен түздөн-түз, бакалавриат, магистратура, Рhd докторантура программалары боюнча кызматташып жатат.

250дөн ашуун студенттерибиз, 100гө жакын окутуучу-профессорлор Кытай Эл Республикасынын Шанхайдагы, Пекиндеги, Ланьчжоудогу, Сыджоудогу, Дальяндагы, Үрүмчүдөгү университеттерден алмашуу программалары аркылуу билимин өркүндөтүшүп келишүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть