12:26 13 июня 2017

КММАда Мамтил боюнча комиссия түзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында Мамлекеттик тил боюнча туруктуу иштей турган комиссия түзүлдү. Комиссиянын ишмердүүлүгү КММАда окутулуп жаткан баардык предметтер боюнча окуу программалардын, окуу иштелмелердин жана окуу китептердин кыргыз тилинде жазылышын жана кыргыз тилине которулушун, ошондой эле медициналык терминдердин колдонулушун бир тартипке келтирүү деп аныкталды.

Аталган комиссияны ЖОЖдун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, медицина илимдеринин доктору Кеңешбек Ырысов жетектейт. Анын курамында медицинанын ар кыл предметтери боюнча көп жылдардан бери сабак берип жүрүшкөн окумуштуу-мугалимдер ( У. Амираев, Т. Абдыкеримова, Н. Баатырова, Е. Бешкемпиров, Т. Жапаров, М. Мусуралиев, М. Субанбеков, Ж.Сыдыков, З. Эсенбеков), ошондой эле КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А. Мамытов, кыргыз тили кафедрасынын башчысы Э.Абдырасулова, басма сөз катчысы А. Пазылов бар.

Комиссиянын биринчи отурумунда анын Жобосу менен иш-планынын долбоорлору талкууланды жана жактырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть