8:20 14 июня 2017

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү

2017-жылдын 29-майынан 30-майына чейин Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (http://aaopo.kg/) тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия (Керимкулова Г.К. – төрайым, КР УИА лаборатория башчысы, ф.-м.и.к., улуттук эксперт; Ражабов Р.К. – мүчөсү, Тажик мамлекеттик комерция университетинин илим боюнча проректору, э.и.д. , чет элдик эксперт; Беда И.И. – мүчөсү, №4 ПЛ атайын технологиялар боюнча окутуучу, улуттук эксперт; Мамбеталиева С.М. – референт, агенттиктин директорунун орун басары, т.и.к.) НМУда көз карандысыз аккредитация өткөрдү.

Агенттик Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы №525 токтому менен бектитилген аккредитациянын талаптарынын (7 стандарт боюнча) аткарылышы боюнча тышкы баалоонун өткөрүп анын жыйынтыктарынын негизинде НМУнун 2 программасын: 750500 Курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энергонатыйжалуулук профили) магистрдик жана 710300 Колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттарын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоону сунуштады.

2017-жылдын 5-июнунда Улуттук аккредитациялык кеңеши НМУнун 2 программасын: 750500 Курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энергонатыйжалуулук профили) магистрдик жана 710300 Колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттарын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо боюнча чечим кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть