13:47 14 июня 2017

ОшМУдан барган делегация Түркиянын Мунзур университетине тажрыйба алмашууда

Мевлана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камалов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Семетей Амиралиев Туркиянын Мунзур университетине тажрыйба алмашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конок лекцияларды окуу максатында 14 күндүк иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын программасы боюнча ОшМУнун аталган кызматкерлери Мунзур университетинин ректору профессор Убейде Ипек, проректорлор профессор Музаффер Ашкын, профессор Рахми Айдин, эл аралык байланыштар институтунун координатору доцент Үлкө Өзбей, вице-координатор доцент Серкан Гүндогду, инженерия факультетинин деканы Бүнуамин Аксакал, суу инженериясы факультетинин деканы Мустафа Дөрүжү, декандардын орун басарлары Селим Жемалгил, Седат Колукиса, кесиптик колледждин директору профессор Эрдем Ышык, ошондой эле департаменттердин башчылары, магистранттар жана студенттер менен өз ара кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.Ошондой эле Мевлана, ДААД, Туркия бурслары, Эрасмуз+, Фараби жана башка программалар аркылуу Ош мамлекеттик университети менен Мунзур университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз кылышты.

ОшМУнун кызматкерлери жогоруда белгиленген университеттин профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарына жана студенттерине кереметүү Кыргызстаныбыз, касиетүү Ош шаарыбыз жана Ош мамлекеттик университети тууралуу видеороликтерди көрсөтүп, презентацияларды жасашты жана ОшМУнун эл аралык байланыштары тууралуу кенен айтып беришти. Иш-чара суроо-жооп менен коштолуп, жандуу талкуу жүрдү. Ошондой эле декан Эрлан Камалов “Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү” деген темада кызыктуу конок лекция окуп берди.

Мындан сырткары Түркиянын Элазык шаарында жайгашкан Фират университети, Ван провинциясында орун алган Битлис университеттери менен академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багытында эки тараптуу келишимдерди түзүү аркылуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Сапардын жүрүшүндө Эрлан Камалов жана Семетей Амиралиев Анкара шаарына келип, Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Кожогелди Култегин менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркия элинин достук мамилелерин күчөтүү жана окуу жайлар арасындагы байланыштарды чындоо боюнча пикир алмашышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть