12:34 19 июня 2017

ИИМдин Академиясында Кыргыз милициясынын тарыхы изилденүүдө

2017-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Э.А. Алиев атындагы ИИМдин Академиясында «Кыргыз милициясынын тарыхы» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул конференция ИИМдин республика боюнча Ардагерлер кеңешинин, Кадрлар башкы башкармалыгынын, Республикалык окуу борборунун, Басма-сөз кызматынын, С. Наматбаев атындагы Борбордук музейинин, тарых илимпоздорунун, Мамлекеттик тарых музейинин өкүлдөрүнүн, башка жогорку окуу жайлардын жана Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусу менен өткөрүлдү.

Илимий иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз милициясынын тарыхы боюнча «Бетме-бет» гезитинде жарыяланган ИИМдин ардагери Ж. Найманбаевдин «Кыргыз милициясынын 1917-1924-жылдардагы тарыхы» макаласы жана башка мазмундагы актуалдуу баяндамалар кызуу талкууланып, Кыргызстан тарыхында милициянын түзүлүүсүн аныктоо боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон юридика илимдеринин доктору, профессор Т. Асаналиев жана ошол комиссиянын мүчөсү болгон тарых илимдеринин доктору, профессор Айдаркул Каана, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун башкармалыгынын төрагасы, тарых илиминин кандидаты, профессор К. Молдокасымов Кыргыз милициясынын тарыхын талкуулоодо илимдин методологиясына, принциптерине таянуу зарылдыгын илимий негиздешти.

Анын натыйжасында милиция мамлекеттин маанилүү түзүмдүү органы болгону жана Кыргыз милициясынын түзүлүү күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнөн түздөн-түз көз карандылыгы тарых илимдеринин доктору Кыргыз-Орус славян университетинин тарых кафедрасынын профессору Жакишев Аскар Умарович тарабынан тарыхый фактылар менен өзүнүн доктордук диссертациясында толук далилденгенин белгиледи.

Жыйынтыгында илимий-практикалык конференциянын катышуучулары Кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн кийин, башкача айтканда 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясынын улуттук чек араларды бөлүштүрүү жана РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндө токтому менен бекитилгенден кийин, Кара-Кыргыз Автономдук Облусунун Ревкомунун 1924-жылдын 1-ноябрындагы чечими менен курамына милициянын облустук башкармалыгы кирген административдик бөлүмдүн жаралуусу менен Кыргыз милициясы түзүлгөндүгүн белгилешти.

Жогорудагынын негизинде «Кыргыз милициясынын тарыхы» аттуу илимий-практикалык конференциянын катышуучулары төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

1. Ички иштер органдары мамлекеттин эң маанилүү түзүмдүү органы болгондугу себебинен, Кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн кийин Кара Кыргыз Автономдук Облусунун Ревкомунун чечими менен түзүлгөн 1924-жылдын 1-ноябры Кыргыз милициясынын түзүлүү күнү болгону тарыхый фактылар менен негизделип, далилденди.

2. 2017-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясынын базасында «Кылмыш иликтөө» кызматынын түзүлүү тарыхына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлсүн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть