11:58 20 июня 2017

ИИМдин Академиясында кызматкерлерди ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү

ИИМдин Академиясында узак жылдар бою иштеп, эмгеги сиңген кызматкерлерди пенсияга узатуу салты жөрөлгө болуп калган. Аталган салтты аткаруу менен 2017-жылдын 17-июнунда ИИМдин кызмат өтөө жобосуна ылайык бир катар кызматкерлерди ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү.

20 жыл, 30 жылдан ашык ИИМдин Академиясында үзүрлүү эмгектенип келген кылмыш-жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасынын ага окутуучусу милициянын подполковниги Альбина Ыдырысова, криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасынын башчысы Дмитрий Писарев, коомдук-саясий сабактар кафедрасынын доценти милициянын полковниги Майрамбек Омуралиев, Коомдук-саясий сабактар кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Марат Алымкулов, дене тарбиягы даярдык кафедрасынын профессору милициянын полковниги Медер Сабиров, Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын  ага окутуучусу Байыш Ибраев, №3 факультеттин башчысы Руслан Жапаркуловдорго өздүк курамдын атайын дайындалган белектери тапшырылды.

Ардагерлерди ИИМдин Академиясынын жетекчилиги куттуктап, ички иштер органдарында көп жылдан бою үзүрлүү жана ак ниеттүүлүк менен татыктуу кызмат өтөгөндүктөрү, ИИМдин Академиясына кошкон зор салымдары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалашты.

Өз кезегинде адагерлер дагы жетекчиликке, өздүк курамга ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

Ошондой эле Академиянын Ардагерлер Кеңеши тарабынан “Ардагер” төш белгиси ыйгарылды. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть