2017-жылдын 19-июнь күнү КУУнун ректору Канат Садыков_Түркиянын Улуттук агартуу министрлигинин жогорку билим берүү жана чет өлкөдөгү билим берүү департаментинин башкы директору_Бүлент Чифтжи мырза жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болду.
Расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин, Канат Садыков менен Бүлент Чифтжи_мырза_башкы имараттагы_218-аудиторияда жайгашкан "Түрк тилин үйрөтүү борбору" жана 239-аудиториядан орун алган "Азиз Санджар атындагы Кыргыз-Түрк ресурстук борбору" менен таанышып чыгышты.
Жолугушууга о.э. аталган_департаменттин бөлүм башчысы_Эбубекир Айдын,_Түркия Маариф фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү_Недим Кайя,_Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси_Режеп Сула,_Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү өкүлчүлүгүнүн жооптуу катчысы_Абдугапар Хайткулов мырзалар жана КУУнун_эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Бакыт Келдибеков катышты.