К.И.Скрябин атындагы КУАУда 2017-жылдын 29-сентябрынан 6-октябрына чейин факультеттик саатарда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан ЖОЖдордун студенттерине мотивация берүү максатында, “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин “Агартуу лигасы” долбоорунун алкагында “Мотивация жана өзүн-өзү өстүрүү жумалыгы” аттуу тренингдер өткөрүлдү.
Тренингге КУАУнун профессор-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.