16:44 14 ноября 2017

Нарын мамлекеттик университетинде педагогикалык илимий – изилдөө лабораториясы ачылды

2017- жылдын 9-ноябрында С.Нааматов атындагы НМУнун Билим берүүнүн сапат менеджменти бөлүмүнүн базасында Педагогикалык илимий – изилдөө лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү. Лаборатория жалпы суммасы 5756 АКШ долларды түзгөн “MSDSP KG” Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фонду жана Кристен фондунун демөөрчүлүгү менен ачылды.

Иш-чараны НМУнун ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна ачты. Иш-чарага Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Марк-Антуан Адамс, “MSDSP KG” Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фондунун аткаруучу директору Мияшев Аслан жана Фонддун Нарын шаарындагы өкүлдөрү Курманбекова Назгүл, Атабаев Асан, Облустук админстрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Салия Жолдошева, Нарын мамлекеттик университетинин кафедра башчылары, структура түзүмүнүн жетекчилери, декандар катышты.

Лабораториянын ачылышы инновациялык технологияларды колдонуу менен окутуучулардын жана студенттердин илимий – изилдөө жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн жакшыртуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган. Бул лабораторияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалымат келечектеги кесип ээлерине мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жакшыртууда колдонулат деп ишенебиз.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

НМУнун илимий китепканасында илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү

Нарын мамлекеттик университетинде аккредитацияга даярдык көрүлүүдө.

Журналист Жедигер Саалаев китептерди жана китеп шкафтарын Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасына белекке берди

Нарын мамлекеттик университетинин студентине өкмөт башчысынын белеги тапшырылды

Мамлекеттик тил күнүнѳ карата Нарын мамлекеттик университети жана Борбордук Азия университетинин студенттери чоӊ программадагы иш-чара ѳткѳрдү

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up