16:44 14 ноября 2017

Нарын мамлекеттик университетинде педагогикалык илимий – изилдөө лабораториясы ачылды

2017- жылдын 9-ноябрында С.Нааматов атындагы НМУнун Билим берүүнүн сапат менеджменти бөлүмүнүн базасында Педагогикалык илимий – изилдөө лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү. Лаборатория жалпы суммасы 5756 АКШ долларды түзгөн “MSDSP KG” Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фонду жана Кристен фондунун демөөрчүлүгү менен ачылды.

Иш-чараны НМУнун ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна ачты. Иш-чарага Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Марк-Антуан Адамс, “MSDSP KG” Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фондунун аткаруучу директору Мияшев Аслан жана Фонддун Нарын шаарындагы өкүлдөрү Курманбекова Назгүл, Атабаев Асан, Облустук админстрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Салия Жолдошева, Нарын мамлекеттик университетинин кафедра башчылары, структура түзүмүнүн жетекчилери, декандар катышты.

Лабораториянын ачылышы инновациялык технологияларды колдонуу менен окутуучулардын жана студенттердин илимий – изилдөө жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн жакшыртуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган. Бул лабораторияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалымат келечектеги кесип ээлерине мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жакшыртууда колдонулат деп ишенебиз.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть