Tazabekтин тизмесиндеги эң бай 100 адамдын эч кимиси бир да мектеп салган жок, - «Булан институт»

Tazabekтин тизмесиндеги эң бай 100 адамдын эч кимиси бир да мектеп салган жок, - «Булан институт»

Билим АКИpress - Tazabekтин тизмесиндеги эң бай 100 адамдын эч кимиси өз өлкөсүндө бир да мектеп салган жок. Бул тууралуу 3-августта Бишкектеги тегерек столдо «Булан институт» коомдук бирикмесинин директору Чолпон Орозобекова айтты.

Билим берүү жана илим министрлигиндеги «Кыргызстанда мектептердин коопсуздугу жана курулушу: авариялык абалдагы мектептер жана балдар» докладын презентациялоонун жүрүшүндө Ч.Орозобекова расмий маалыматтарга шилтеме жасоо менен, Кыргызстандагы мектептердин 80% совет мезгилинде салынганын жана аларга 50-100 жыл болгонун маалымдады.

Ал Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептерден башка, билим берүү мекемелеринин курулушуна гранттык каражаттарды ар кандай чет өлкөлүк уюмдар жана башка өлкөлөр бөлүп берип жатканын белгиледи. Мисалы, КРда мектептер Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын эсебинен салынып жатат. Мектептердин курулушуна Сауд Аравиясы насыя бөлдү — Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу КРда мектепердин курулушу үчүн $30 млн берилет.

Мындан сырткары, мектептердин курулушуна акча каражаттарын араб шейхи Саид Баюминин жетекчилиги астындагы уюм бөлүп жактканы тегерек столдо белгилүү болду. «Башкача айтканда, каражаттарды араб меценаттары бөлүп жатат. Алар бизге 20 мектеп салгысы келерин маалымдашты, биздин суроо-талабыбызга 2017-жылы алардын каражаттарына 4 мектептин курулушу пландалганын, ал эми Бишкектеги турак жай массивинде бир мектептин курулушу жүрүп жатканын маалымдашты», - деп билдирди Ч.Орозбекова.

Бирок, «Булан институттун» башчысы Чолпон Орозбекова мектептердин курулушуна бир гана чет өлкөлүк инвестицияларды тартпастан, ички ресурстарды издештирүү керек деп ойлойт. Мисалы, меценаттарды тартуу.

Ал Tazabek порталы тарабынан Кыргызстандын эң бай адамдары жарыяланганын белгиледи. «Бирок тизмеде көрсөтүлгөн байлардын бирөөсү дагы биздин өлкөдө бир да мектеп салган жок. Мектептердин курулушу үчүн алар салымдарды ж.б. азайтып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамды жаңы пункттар менен толуктап коюшса болот эле. Балким ошондо биздин бизнесмендер мектептер менен бала бакчаларды кура башташат», - деп сунуштады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up