Бишкектин муниципиалдык бала бакчаларынан былтыр 33 тарбиячы кеткен

Бишкектин муниципиалдык бала бакчаларынан былтыр 33 тарбиячы кеткен

Билим АКИpress - Бишкектеги муниципиалдык бала бакчалардагы педагогдордун саны 2016-жылы 33 адамга азайган. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына калаа мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өркүндөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Безродняя билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2016-2017-окуу жылынын башталышында кадрлардын педагогикалык курамы 1285 адамды түзгөн болсо, 2017-жылдын январь айында 1252 болуп калган.

Калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын сапаттуу курамы тууралуу 2016-жылы 84 бала бакчада иштеген 1282 педагогдун 961и жогорку билимдүү экени айтылат. 72 тарбиячыда — бүтпөгөн жогорку билим. 43үндө — орто билим, 209унда — орто-адистик.

Педагогдордун жалпы санынан 534үндө иш тажрыйбасы 15 жылдан жогору. 359у 5 жылдан аз иштеген, 228и 5 жылдан 10 жылга чейин жана 164 педагог бала бакчаларында 10-15 жыл иштешкен.

Калаа мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өркүндөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Безродняя ошондой эле Бишкектеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 120 билим берүүнүн отличниктери жана 1 эмгек сиңирген мугалим иштейт экенин айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up