Фото - V Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгын эки медаль менен толуктаган Алтынайга ОшМУ сый-урмат көрсөттү

Фото - V Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгын эки медаль менен толуктаган Алтынайга ОшМУ сый-урмат көрсөттү

Билим АКИpress - Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Мамарасул кызы Алтынайды бүгүн, 2-октябрь күнү, ОшМУнун ректорат жамааты жана студенттери университеттин башкы имаратында сый-урмат менен тосуп алышты.

ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Мамарасул кызы Алтынайды жеңиши менен куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков:

«Бүгүн биз чоң сүйүнүч сезиминде турабыз. Анткени биздин студентибиз Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Өзгөчө өзүнүн эрктүүлүгүн, чыдамкайлуулугун, жоопкерчиликтүүлүгүн көрсөтүп, Кыргызтандын капчыгын бир алтын, бир күмүш медаль менен толуктады. Спортчуларыбыздын мыкты даярдыгынын, намыстуулугунун негизинде биздин мамлекетибиз 68 өлкө катышкан эл аралык деңгээлдеги мелдеште командалык эсепте 8- орунду камсыздашты. Биз дайыма спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз. Өзгөчө Алтынайга, аны тарбиялап эрезеге жеткирген ата-энесине, машыктыруучуларына жамааттын атынан ыраазычылык билирем», - деди.

Ошондой эле Алтынай Мамарасул кызынын быйылкы келишимдик акыдан толук бошотулгандыгын белгилеп, андан сырткары университеттин атынан 25 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырды.

«Сый-урмат менен тосуп алганыңыздарга аябай толкунданып турам, бул үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындан ары да университетимдин, өлкөмдүн атын дүйнөлүк мелдештерде чыгарып, Кыргызстанымдын туусу бийик желбирөөсүнө салымымды кошом. Ноябрь айында өтүүчү Дүйнөлүк мелдеште да жеңиш менен келүүгө бар күчүмдү сарптайм»,- деди Мамарасул кызы Алтынай.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 2016-жылы өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын эмгегин баалаган ОшМУнун жетекчилиги былтыркы окуу жылында да жүз пайыз келишимдик акыдан бошоткон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up