БАУда мыкты социалдык долбоорлордун ээлерине 3000 АКШ доллары тапшырылат

БАУда мыкты социалдык долбоорлордун ээлерине 3000 АКШ доллары тапшырылат

Билим АКИpress - Борбордук Азия университети менен «Кока-Кола» компаниясынын «Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн Кыргызстан жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун 4-баскычынын соңку иш-чарасына чакырат.

Аталган долбоор Кыргызстандын бардык аймактарынын жаштарын камтып, катышууга арыз берген 806 адамдан тандалып алынган 20 болочок социалдык ишкерге билим берүүгө
багытталды. 2018-жылдын 15-январында өз долбоорун ишке ашырууга грант утуп алган мыкты социалдык долбоор ээлери 3000 АКШ долларына чейинки суммага күбөлүк алышмакчы.

2018-жылдын ноябрь-декабрь айларында Борбордук Азия университети Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынын
18 жаштан 31 жаш куракка чейинки 1361 жаш адамды камтыган
бир катар окуу тренингдерин өткөрдү. 2018-жылдын 3-январынан 14-январына чейин 20 жаш адам социалдык ишкердүүлүк негиздерин, социалдык маркетинг, маалымат технологияларынын жөндөмдөрүн жана социалдык ишкердүүлүк үчүн бизнес-пландоо негиздерин өздөштүрүштү.

2018-жылдын 15-январында бизнес-пландарды жактоо иш-аракети жана күбөлүк тапшыруу аземи өтөт. Андан соң пресс-конференция орун алып, ал жерде жеңүүчүлөр менен гана тааныштырбастан, 2014-2015-жылы грантка ээ болгон 3 социалдык долбоорду назарыңыздарга тартууланат. Социалдык ишкерлер өз долбоорлорун ишке ашыруу жолдорун, жетишкендиктери жана келечек пландары туурасында ой бөлүшмөкчү.

Күнү: Дүйшөмбү, 2018-жылдын 15-январы
Орду: БАУ имараты
Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 138

Программасы:

14:00 – Иш-чаранын ачылышы
14:15 – Сынак финалисттерине күбөлүктөрдү тапшыруу
14:25 – Гранттык күбөлүктөрдү тапшыруу
14:35 – Жеңүүчү долбоорлорду тартуулоо (пресс-конференция)
14:50 – Иш-чараны жабуу
15:00 – Фуршет жана жалпы сүрөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up