М.Байдөлөтов мектебинин эки окуучусу грек-рим күрөшү боюнча чемпион болушту

Билим АКИpress - Нарын районунда грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында райондун биринчилиги өтүп, анда 13 салмак боюнча 200гө чукул балбан күч сынашты.

М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинин эки окуучусу өз салмактары боюнча күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип, чемпион болушту. Алар 32 кг салмакта Бекмырза уулу Санжар жана 57 кг салмакта Кылычбек уулу Саламат.

Мелдештин уюштуруучулары алтын медаль жана 1-даражадагы диплом тапшырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up